Monpellets LLC жана Share Mongolia менен меморандум: кой жүнүнөн органикалык жер семирткичтер
Ассоциациянын эл аралык кызматташтыгынын жыйынтыктары тууралуу баяндоону улантабыз. Жумушчу сапардын алкагында Улан-Батор шаарында Ассоциация Монголиянын уюмдары менен органикалык өндүрүштү, туруктуу айыл жана токой чарбасын өнүктүрүүгө, ошондой эле жашыл технологияларды киргизүүгө багытталган бир катар жолугушууларды өткөрдү.