Баткенде «Алыш-Дан» кооперативи тамак-аш коопсуздугу боюнча ISO 22000 эл аралык аудитинен өтүүдө
🍃DMSOP долбоорунун алкагында 2026-жылдын 13-октябрынан тартып Баткен облусундагы Ассоциациянын мүчөсү жана долбоордун бенефициары болгон «Алыш-Дан Органик» айыл чарба өндүрүштүк кооперативинде эл аралык аудит жүргүзүлүүдө.
📍Аудитти Словакиянын CERT International эл аралык сертификациялоо органы ISO 22000:2018 «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу системалары» эл аралык стандартынын талаптарына ылайык жүргүзүүдө.
🎯 Аудиттин негизги максаты - тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруунун учурдагы системасын баалоо жана сертификаттын колдонуу мөөнөтүн жаңыртуу үчүн анын эл аралык стандарттын талаптарына шайкештигин ырастоо.
✔️Эл аралык сертификация ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, сатып алуучулардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөөдө, тамак-аш азыктарынын сапаты жана коопсуздугу боюнча системаларды өркүндөтүүдө, ошондой эле жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү инструмент болуп саналат.